«Кепилдик фонду» тарабынан 1 миң 83 кепилдик берилген

8 сентября 2020, 17:00

Сегиз ай ичинде ААК «Кепилдик фонду» 1 миң 83 кепилдик берген. Бул тууралуу фонддун өкүлү Малик Абакиров маалымдады. 

Белгиленгендей, кепилдик алгандардын саны 2019-жылга салыштырмалуу 8 ай ичинде 370% көбөйгөн. 

Фонддун өкүлү белгилегендей, дээрлик 466 млн сомго кепилдик берилген. Ал эми ААК «Кепилдик фонду» тарабынан берилген насыялардын көлөмү дээрлик 2 млрд сомдон ашкан. 

«ААК «Кепилдик фонду» ишкерлерге жалпысынан 2 млрд 142 млн сомдон ашык  2.7 миң кепилдик берген, муну менен катар  берилген кепилдиктерге берген насыялардын көлөмү 7.6 млрд сомдон ашкан», — деп айтты Малик Абакиров.