«Кербен» аэропортунун жолдору жана учуу тилкеси оңдоого даярдалууда

8 мая 2023, 14:20

Жалал-Абад облусундагы “Кербен” аэропортунун жолдору оңдоого даярдалууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Оңдоо иштеринин алкагында аэропорттогу учуу тилкеси, унаа токтотуучу жайлар жана башка аймактардын асфальты жаңыланат.

Учурда даярдык иштери жүрүүдө.