«Кербен суу-канал» ишканасы монополист катары таанылды

6 января 2023, 16:08

Кыргызстандын Табигый монополиялардын субъектилеринин мамлекеттик реестрине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (МАК) билдирди. 

Алсак, реестрге Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан “Кербен суу-канал” ишканасы кирет.

Белгилей кетсек, муниципалдык ишкана 2018-жылдын 26-январынан бери иштеп, сууну чогултуу, кайра иштетүү жана бөлүштүрүү менен алектенет. Жетекчиси Мамадалы Токтомушев.