«Керемет Банк» акционерлеринин кезексиз чогулушун өткөрөт

10 марта 2023, 09:52

"Керемет Банк" ААК 23-мартта боло турган акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Негизги маселе банктын акционерлеринин эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү болмокчу.

Мындан тышкары, алар “Керемет Банктын” 2022-жылга карата финансылык отчетунун тышкы аудиторунун кызмат акысын өзгөртүүнү талкуулашат.