«Керемет Банк» уставдык капиталын 6 млрд сомго чейин көбөйтөт

29 февраля 2020, 15:00

26-февралда өткөн «Керемет Банк» ААКнын кезексиз жыйынында жүгүртүмдөгү жөнөкөй энчилүү акцияларынын көлөмүн жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат.

«Керемет Банктын» уставдык капиталы 1.5 млрд сомго көбөйгөндүгү айтылууда. Акциялардын жетинчи эмиссиясынын жыйынтыкталышынан кийин ал 5 млрд 998 млн 746 миң сомду түзөт. Баалуу кагаздар жабык жайгаштыруу аркылуу реализацияланат.

Жыйындын кворуму 98.26 пайыз.