«Керемет Банк» тышкы аудитордун эмгек акысын жогорулатууну жактырды
"Керемет Банктын” акционерлери 23-мартта жалпы кезексиз чогулуш өткөрүштү. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Күн тартибинде эки гана маселе каралды: жыйындын эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жана 2022-жылга банктын тышкы аудиторунун кызматына акы төлөөнүн өлчөмүн жогорулатуу.
Эки маселе тең оң жагына чечилди. Жыйындын кворуму 97%дан ашты.