Жамиля Койчуманова «Керемет Банкты» жетектейт

29 марта 2022, 16:00

Директорлор кеңешинин чечими менен Жамиля Койчуманова «Керемет Банктын» Башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Директорлор кеңешинин 23-марттагы чечими менен банкты буга чейин жетектеп келген Кастору Мамытова Башкармалыктын төрагасынын орун басарлыгына которулган.

Жамиля Койчуманова 28-марттан тартып «Керемет Банктын» Башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды.