«Керемет Банкка» жаңы жетекчи дайындалды

9 декабря 2021, 10:38

Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде 8-декабрдан тарта Кастору Мамытова “Кермет Банктын” башкармалыгынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты “Акчабарга” каржы мекемесинен тастыкташты.

Эске салсак, Алмаз Айбалиев банктын жетекчилигинен күтүүсүз кеткенден кийин бул орун бош калган.

Белгилей кетсек, бир айдан ашык убакыт ичиндеги бул Кастору Мамытованын экинчи кызмат орду. Ноябрь айынын башында ал банктын директорлор кеңешине шайланып, аны жетектеген.