Кыргызстанда биржа фондунда сооданын көлөмү 49% төмөндөгөн

15 декабря 2020, 09:30

Өткөн аптада Кыргыз биржа фондунун соода тутумунда баалуу кагаздар менен 53 келишим түзүлгөн. Жалпысынан 8.5 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалат. 

Өткөн мезгилге салыштырмалуу көлөм 49% төмөндөгөн, ал эми баалуу кагаздардын сатуу көлөмү 5.4% кыскарган. 

 

«Экинчи рынок секциясында бир аз төмөндөгөн, ал эми акцияларды сатуу секцияда эки эсеге жогорулаган. Соода жумасында баалуу кагаздар жалпы көлөмдөн 56% ээлеген, акция 44% түздү», —  деп билдиришти биржанын аналитиктери.