Кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 19%ы «Коомдук тамактануу» багыты боюнча билим алышты
Былтыр кесиптик лицейлер 19 миң 620 бүтүрүүчүнү даярдашты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жазылды.
Маалыматка ылайык, 3796 бүтүрүүчү окууну "Коомдук тамактануу” багыты боюнча аяктады, 3741 – "Жер транспорту", 3082 – "Тигүү өндүрүшү", 2424 – "Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы", 1811 – "Металл жана башка материалдарды механикалык иштетүү", эң аз "Бут кийим өндүрүшү" багыты боюнча – 21 киши, "Слесардык жана слесардык-монтаждоо жумуштары" - 35, "Туризм" - 36 бүтүрүүчү аяктады.
Кесиптик лицейлердин кыска мөөнөттүү курстарында 11 бүтүрүүчү билим алган.