Кесиптик билим берүү уюмдарынын өзүн-өзү каржылашы күтүлүүдө

13 января 2023, 15:00

Парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстандын Бюджеттик кодексине, тактап айтканда “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

“Альянс” партиясынын депутаты Жанарбек Акаев сунуштулган мыйзам долбоору кесиптик-техникалык билим берүүчү окуу жайлардын ишмердигинде ийкемдүү системаны түзүүгө, кесиптик билим берүү уюмдарынын финансылык өз алдынчалыгын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталып, билим берүү системасында олуттуу өзгөрүүлөр болушу күтүлөрүн белгиледи. 

Анын айтымында, учурдагы бюджеттик мыйзамдын нормалары менен кесиптик-техникалык окуу жайлар өз максаттарына жете албайт. 

“Жаңы түзүлө турган системада кесиптик-техникалык окуу жайлар өздөрүнүн өнүгүшү үчүн өздөрү иштеп каражат таба баштайт. Өздөрүнүн материалдык-техникалык базасын жакшыртат, окуучу-студенттер үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттин каражаттар коротулбайт”, - дейт Акаев. 

Жыйында Каржы министрлиги сунуштарын айтып, кесиптик лицейлердин өкүлдөрү өз пикирлерин билдиришти. Аталган мыйзам долбоору депутаттардын сунуштарын эске алуу менен жактырылды.