Kыргыз фондулук биржасы БУУнун глобалдык демилгесине бирикти

25 августа 2021, 14:30

Кыргыз фондулук биржасы туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү үчүн глобалдык биржаларды бириктирген БУУнун туруктуу фондулук алмашуу демилгесине кошулду.

Демилге инвесторлор, компаниялар, мамлекеттик органдар, саясатчылар жана эл аралык уюмдар менен өнөктөштүктө экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу маселелери боюнча иштөөнү жакшыртууга, ошондой эле туруктуу инвестицияларды кантип стимулдаштырууга боло тургандыгын изилдөө үчүн глобалдык платформа түзүүнү көздөйт.

"Фондулук биржалар - бул гендердик теңчилик, экологиялык жана социалдык жоопкерчилик боюнча отчеттуулуктун стандарттары, жашыл инвестициялык инструменттер аркылуу климаттын өзгөрүшүнүн таасирин азайтуу сыяктуу демилгенин негизги багыттарын алга жылдырууда стратегиялык ролду ойногон уникалдуу институттар", - деди кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев.