Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВтс электр энергия алат
Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВт саат электр энергиясын имппорттойт. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул тууралуу сүйлөшүүлөр 2-3-мартта прездент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген.
Казакбаев кошумчалагандай, келишимге ылайык Кыргызстан электр энергиясын жакынкы 2-3 аралыгында бөлүп кайтарат.
Ошондой эле ТИМ башчысы белгилегендей, тараптар вегетация мезгилинде Кыргызстан тараптын Казакстанга сугат суусун берүүсү боюнча макулдашты.