Кыргызстанда жана коңшу мамлекеттердеги орточо айлык акы

12 марта 2019, 11:40

2018-жылы жумушчулардын орточо айлык акысы 16 миң 218 сомду түздү. Былтыркыга чалыштырмалуу  5.4%  жогорулаган.  Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук статистика комитети  билдирди. 

Улуттук банк белгилеген валютанын расмий курсуна ылайык, доллардык эквалентте орточо айлык акы  $235.6 болду.

Салыштыруу үчүн:  Борбордук Азиядагы мамлекеттер арасындагы эң жогорку  айлык акы Казахстанда  катталды.  Алардагы орточо айлык акы $470.7 доллар. Өзбекстанда   $225.8 болсо, Таджикистанда  эң төмөнкү айллык акы белгиленип — $141.7 долларды түзөт.