KICB Кыргыз фондулук биржасында алтынчы облигациялардын чыгарылышын жайгаштырат

14 декабря 2021, 09:30

"Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы" ЖАК корпоративдик облигациялардын алтынчы чыгарылышын даярдап жатат. Баалуу кагаздарды сатуу жакын арада башталат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Баалуу кагаздарды чыгаруу менен KICB биржадан 200 миллион сом алууну пландаштырууда. Облигациялардын номиналдык баасы бир нускада 1000 сомду түзөт. Кирешелүүлүк банктын мурдагы чыгарылышындай эле 12%ды түзөт.

Облигациялардын жүгүртүү мөөнөтү үч жыл. Буга чейин KICB беш эмиссияны ишке ашырган.

Кошумчалай кетсек, облигациялардын кезектеги чыгарылышын "Первая металлобаза" ЖЧКсынын компаниялары даярдап жатканы да белгилүү болду.