Бут кийим импорту 2022-жылы беш эсе өстү

12 января 2023, 10:32

Былтыркы жылдын январь-октябрь айында бут кийимди чет өлкөдөн ташып келүү беш эсеге өсүп, анын жалпы суммасы 465,4 миллион долларга жеткен. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги өсүш төмөндөгү буюмдарды ташып келүүнүн көбөйүшү менен байланыштуу:

  • бут кийим бөлүктөрү- 12 эсе, 304 миллион долларга чейин;
  • таманы жана үстү резинадан же пластмассадан жасалган бут кийимдер- 2,7 эсеге, 126,5 миллион долларга чейин өскөн.

Өлкөлөр боюнча импорттун 93%дан ашыгы Кытайдан келген.

Физикалык жактан алганда, бут кийим менен камсыз кылуу 85%га өсүп, 36,5 миллион жупка жеткен.