Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

12 марта 2024, 09:35

Кийинки жумада кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, Нооруз майрамына байланыштуу өлкөдө 21нен 24-мартка чейин дем алыш жарыяланат.

Ал эми 22-марттагы иш күнү 8-апрелге жылдырылган. Тагыраагы, 7-апрель - Элдик апрель революциясына байланыштуу календарда кызыл менен белгиленген. Бул күн жекшембиге туш келгендиктен, жарандар 8-апрель, дүйшөмбү эс алышы керек болчу.