Кийинки жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 35 млрд 349,9 млн сом жумшалат

29 октября 2020, 13:41

2021-жылга республикалык бюджеттин долбооруна ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө жалпысынан 35 миллиард 349,9 миллион сом жумшоо пландаштырылууда. Мындай маалыматты Финансы министрлиги билдирет.

Кийинки жылы аталган министрлик тышкы карызды төлөөгө 19 миллиард 998,5 миллион сом, ички кызматты тейлөөгө 15 миллиард 351,36 миллион сом каражат бөлүүнү пландаштырууда.

Августтун аягында республиканын карызы улуттук валютанын алсырашынан улам 8,5 миллиард сомго көбөйгөн.