Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт

15 декабря 2023, 10:00

Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Мындай убаданы Билим берүү министринин орун басары Бекжан Супаналиев берди.

Анын айтымында, быйыл бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөн.

Учурда “Учкун” басмаканасында окуу куралдарынын эки партиясы басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлдү. Дагы эки партиясы даярдалууда.