Кытай Кыргызстанга 1,5 млн доза Sinopharm вакцинасын кайтарымсыз берет

13 декабря 2021, 16:37

Эртең, 14-декабрда Кытайдын Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кытай Эл Республикасынан 1,5 млн доза өлчөмүндөгү гуманитардык жардамды Саламаттык сактоо министрлигине тапшыруу аземи “Манас” аэропортунда болот.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь катышат.