Кытай Кыргызстан менен визасыз режимди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр

3 мая 2023, 16:25

Кытай Кыргызстан менен визасыз режимди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан азыр сунуш даярдап жатат, ал жакында коңшу өлкөгө берилет.

Кулубаев депутаттарды Кытай визасыз режим киргизүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенине ишендирди.