Кытай менен Казахстан күндүн нурунан электр энергия алуучу чоң проектини ишке киргизди

4 сентября 2019, 10:10

Энергетика сферасындагы уникалдуу проект болуп саналган, кубаттуулугу 100 Мегабатт болгон «Күн энергиясынан электростанцияларды куруу» проектиси 3 сентябрь күнү Алма-Ата  областында салтанаттуу түрдө өз ишин баштады. Бул тууралуу Казахстан энергетика Министрлиги маалымдайт.

Проектин башкы демилгечиси – казак-кытай биргелешкен ТОО «ENEVERSE KUNKUAT» (ЕКК) ишканасы. Бул ишкана Universal Energy Co., Ltd (UE) таандык болуп эсептелинет. Ишкана Шанхайда негизделип  күндүн, шамалдын энергиясын колдонуу жана ташуу менен алектенет.

Учурда Казахстандын Капшагай шаарында жайгашкан. 

Ишканага, инвесторлордон бөлүнгөн каражат 10.4 млрд. теңгени (26 млн. сом) түзөт. 
Андан сырткары, проекти каржылоо үчүн кошумча эки казахстандык аукционердик компаниялардан каражат бөлүнүүдө.