Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам тапшырды
Кытай элчилиги жеке коргонуу каражаттары жана буудайдан турган гуманитардык жүктү Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жүк Кытайга Синьцзян-уйгур автоном району тарабынан Кыргыз Республикасына COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы күрөштө жардам берүү максатында өткөрүлдү.
Гуманитардык жардамга 3 миллион медициналык беткап, 100 миң N95 медициналык беткап, 20 миң коргоочу костюм жана 1,5 миң тонна буудай кирет.