Китай окажет Кыргызстану продовольственную помощь

1 июня 2021, 08:30

Кытай Кыргызстанга азык-түлүк жана гранттык жардам берет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кытай тарап 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майы жана 350 миң юань ($54 млн) жардам берет. Каражат өлкөдөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат. Мындан сырткары, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстанга гуманитардык жардам катары кайтарымсыз түрдө Кытай вакцинасынын 150 миң дозасы берилет.

Муну менен катар Кыргызстандын Кытай эл республикасынан алынган сырткы карызын төлөөдө кошумча төлөмдү алып салуу жана COVID-19 пандемиясынын убагында токтоп калган гранттык долбоорлорду ишке ашырууда кытай адистерин жөнөтүү каралган.