Кытай айланма Чүй каналынын курулушун быйыл баштайт

14 апреля 2023, 17:13

Айланма Чүй каналынын курулушун быйыл баштоо пландалууда. Экономика министрлигинен билдиришкендей, ишти Кытай аткарат.

Бул долбоорду ишке ашыруу суунун коромжу болушун жылына 400 миллион кубометрге чейин кыскартып, Чүй өрөөнүнүн жерлерин суу менен камсыз кылууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.