Кытайлык компания Бишкекке таштанды ташуучу эки унаа алып келет

10 января 2024, 10:42

Кытайдын айлана-чөйрөнү коргоо компаниясы “Хунань Цзюнсин” Бишкекке таштанды ташуучу эки унаа берди. Бл туууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, атайын техникалар жакында борборго алынып келинет. 

Эске салсак, буга чейин Бишкек мэриясы менен “Хунань Цзюнсин” компаниясы кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан. Учурда катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыгуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.