Кытайда кеңселер ээнсиреп турат

18 июля 2019, 11:55

Кытайдагы  курулуштун күч алышы менен  ири шаарларда бизнес-аянттар бош калууда. Курулушчулар ушунчалык көп кеңсе кургандыктан, эми аларды толук жайгаштырууга дагы эки жыл талап кылынат. Бул тууралуу Россиянын ​  «Вести.Экономика»  басылмасы Кытайдын South China Morning Post  агентигине таянып жазып чыккан. 

Аналитиктердин айтуусунда курулушчулардын үчтөн бири гана курулш компаниялары. Калгандары тез байып, акча табууу үчүн ушул тармакка  келишкендер.

«Айрым акчалуу адамдар курулуш тармагынан пайда табуу үчүн гана келишкен. Дал ушул, компаниялар курулштагы төмөндөө  бьболгондо чыгаша тартышат. Анткени, алар кыймылсыз мүлк рыногундагы  айрым өзгөчүлүктөрдү билбей, тез туура чечим чыгара албай калышыат», — деп билдирди эксперт. 

Учурда миллиондогон квадрат метрлер Кытайда ээнсиреп бош калууда.