«ЦзыЦзинь» Кыргызстандын тоо-кен долбоорлоруна катышкысы келет

6 июня 2023, 11:35

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын “ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту. 

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда тараптар тоо-кен тармагындагы эки тараптуу кызматташуулар тууралуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. 

“ЦзыЦзинь” корпорациясынын өкүлдөрү Министрлер кабинетине “Алтынкен” ЖЧКсынын инвестициялык долбоорун ишке ашырууда туруктуу колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын тоо-кен тармагындагы башка инвестициялык долбоорлоруна катышууга кызыкдарлыгын кошумчалашты.

Белгилеп кетсек, “Алтынкен” ЖЧКсынын капиталынын 40% - “Кыргызалтын” ААКсына, 60% - “ЦзыЦзинь” корпорациясына тиешелүү.