Кытайдын Паньчжоу шаары Баткен менен кызматташууга кызыктар

30 сентября 2021, 10:10

Кытайдын Паньчжоу шаары Баткен облусу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө кызыктар. Бул тууралуу Кытайдагы элчи Канайым Бактыгулованын аталган шаардын вице-мэри Гао Хэ менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай аймактар ​​аралык кызматташтыгы, соода-экономикалык өз ара аракеттенүү, кытайлык "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Бактыгулова өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча министрлер кабинети тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып, Паньчжоу шаарынын мэриясынын делегациясын кытайлык ишкерлер менен бирге Кыргызстанга келүүгө чакырды.