Кытай юаны еврого караганда популярдуу боло баштады

26 апреля 2023, 14:24

Өткөн жылы юандын дүйнөлүк соодадагы үлүшү эки эсеге - 2%дан 4,5%га чейин өскөн. Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты.

Муну менен кытай валютасы рыноктун 6% ээлеген еврого атаандаш статусуна жакындады.

Юандын популярдуулугуна анын Кытай менен Орусиянын ортосундагы соодада кеңири колдонулушу таасир эткени белгиленген. Буга ошондой эле АКШнын Федералдык резервдик системасы (ФРС) тарабынан ченди жогорулатуунун натыйжасында долларды каржылоо наркынын өсүшү себеп болгон.