Күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо талабы коюлат

1 апреля 2024, 13:46

1-июндан тарта Кыргызстанда күйүүчү майга милдеттүү маркалоо киргизилет. Маркаланбаган күйүүчү майларды сатууга тыюу салынат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана министрлиги коомдук талкууга койду.

Ошентип, жайдын башынан тарта Кыргызстанга импорттолгон жана өндүрүлгөн күйүүчү майлардын баарын маркалоо талап кылынат. Экспортко чыгаруу үчүн Кыргызстанда өндүрүлгөн күйүүчү май маркаланбайт.