Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакча ачылды

12 марта 2024, 16:43

Бишкектеги Көк-Жар конушунда жаңы бала бакча ачылды. Анын ачылыш аземине Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты. 

Анын айтымында, быйыл мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурат. 
 
Эки кабаттан турган балдар бакчасы 280 орунга ылайыкташкан. Жалпы аянты 2 миң 927 чарчы метрди түзөт. Имаратта балдар үчүн керектүү шарттардын баары түзүлгөн.

Курулуш иштери 2023-жылы жайда башталган.