Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 50гө жакын кызматкер иштен алынды

18 октября 2023, 13:28

Мамлекеттик бажы кызматынын 50гө жакын кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "мыйзамдагы ууру" аталган Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланыштарды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө Мамлекеттик бажы кызматында ведомстволук буйруктарды бузган айрым кызмат адамдар аныкталды.

Такталгандай, тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 50гө жакын бажы кызматкери криминалдык авторитет Камчы Асанбек жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов менен тыгыз байланышта болушкандары аныкталды.

Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.