Климаттык каржылоо борборунун жаңы жетекчиси дайындалды

19 марта 2024, 11:55

Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору болуп Амантаев Адилет дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

А. Амантаев буга чейин президенттик администрациянын саясий-экономикалык изилдөөлөр бөлүмүнүн саясатты иштеп чыгуу, мониторинг жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти кызматын аркалап келген.