2020-жылы КМШ өлкөлөрүнүн экономикасында кризис болушу күтүлөт

21 января 2020, 12:00

КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы туруктуу өнүгүп, бирок сырткы тобокелчиликтерге кабылууда. 2020-жыл алар үчүн жагымсыз болуусу толук ыктымал деп жазат  Moody's басылмасы.

Экперттердин мындай  терс көз карашы глобалдык экономиканын жайлашы жана аймактардагы саясий туруксуздуктан улам келип чыккан. Бул тобокелчилик салыктардын чендеринин өсүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Бирок акча-кредит саясаты, салык-бюджет мыйзамдары жана банктык көзөмөлдөө абалды жакшыртуу жана терс таасирлерди алдын алууга  жардам берет.

«Биздин базанын божомолуна ылайык, ушул жылы КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык өсүүсү туруктуу бойдон калат, ал эми алардын салыктык-бюджети ушул жылы өсүү темпин күтөт», —  деп белгилейт Кристиан Фэнг.

Алдыңкы 12-18 ай аралыгында КМШ өлкөлөрүнүн экономикасы толугу менен төмөндөп же баштагы абалында калуусу күтүлөт, бирок, белгиленген аймактардын экономикасы   2014-2016-жылдарга караганда жогору болот.