Өкмөт айрым товарлардын баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизет

15 сентября 2023, 10:00

Министрлер кабинети айрым товарлардын баасын мамлекет тарабынан жөнгө салууну киргизет.

Тизмеге ун, нан, сүт, өсүмдүк майы, сары май, эт, кумшекер, күрүч, көмүр, бензин жана башкалар кирди.

Улуттук статистика комитетине аталган товарлардын баасы кымбаттап баштаганы байкалса, Экономика министрлигине билдирип туруу тапшырмасы берилди.

Бааны жөнгө салуу тартиби жаңы эреже күчүнө киргенде киргизилет.