Өкмөт келерки жылы 20 миң үй-бүлө менен «Социалдык келишим» түзөт

23 октября 2023, 16:54

2024-жылы "Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 20 миң үй-бүлөгө акчалай жардам берилет. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Долбоордун алкагында мурдагыдай эле 100 миң сомдон берилет. 

Мындан тышкары, "Социалдык келишимдин" негизинде өз ишкерлигин ийгиликтүү жүргүзгөн үй-бүлөлөргө кошумча стимулдаштыруу жана жеке ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө түрткү берүү максатында "Социалдык келишимдин" катышуучуларынын ичинен ишкерлигин далилдеп, салык төлөмдөрүн жүргүзгөн катышуучуларга мамлекеттик банктар тарабынан 200 миң сомго чейин пайызсыз, кайтарымдуу насыя берүүнүн долбоору каралууда.

Белгилеп кетсек, 2022-жылы өлкө боюнча 2 миң 800, 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилген. "Социалдык келишим" түзгөндөрдүн басымдуу көпчүлүгүн (95%) - аялдар түзөт.