МegaCom баштаган 30 компаниянын мамлекеттик үлүшүн сатуу пландалууда

22 ноября 2022, 11:55

Кийинки жылы "Мегаком" бренди менен белгилүү "Альфа Телеком" ишканасын сатуу пландалып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин компания 19 миллиард сомго бааланган, азыр болжол менен 14-15 миллиард сом болушу мүмкүн.

Ошондой эле Бакиров "Керемет банк", "Кепилдик фонду" жана "Сарамжал Транс" ЖЧКсы жана башка компаниялардагы мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жатканын кошумчалады.

"Министрлер кабинети мамлекеттин үлүшүн сатуу пландалып жаткан 30 компаниянын тизмесин бекитти", - деди чиновник.