Улуттук университет кореялык компанияга карызын төлөгөн эмес

23 июня 2021, 10:20

Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети медициналык жабдыктарды жеткирүү үчүн кореялык "Медисон" компаниясына карызын төлөгөн эмес. Бул тууралуу Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ли Вон Чжэ тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, маселе көптөн бери чечилбей келет.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

Жолугушууда тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да сүйлөштү.