Эгемендүүлүккө карата 32 билим берүү объекти ачылат

30 августа 2021, 13:00

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана жаңы окуу жылына карата 32 билим берүү объектисин пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттиги Чүй облусундагы билим берүү объекттеринин курулушунун жүрүшү жана даярдыгы боюнча пресс-тур учурунда билдирди. 

32 билим берүү объектилеринин ичинен толугу менен 15 мектеп, 7 окуу имараты, 1 спорт зал, 9 бала бакча иштеп баштайт. 

Учурда 4 мектеп жана 1 бала-бакча пайдаланууга берилди. Калган 27 объектинин курулушун аяктоо графикке ылайык окуу процесси башталганга чейин пландаштырылган.