Кочкордо 48 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

9 февраля 2023, 16:30

Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы “Кадастр” Мамлекеттик ишканасынын Кочкордогу филиалында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Кадастр” Мамлекеттик ишканасы тарабынан мамлекеттик үрөөн чарбасынын менчигинде турган жер аянты эч кандай укук аныктоочу иш кагаздары жок, мыйзамсыз жеке менчиктеги үрөөн чарба кооперативинин наамына берилип кеткендиги аныкталган.

“Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл органы тарабынан прокурордук талап келтирилип, жогоруда аталган 48 млн сомго бааланган 9,2 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”, - деп айтылат маалыматта.