ОСАГО жок болсо 1-апрелден тарта кимдерге айып салынат?
Кыргызстандын бийлиги ОСАГОнун жоктугу үчүн жазаны киргизүүнү кайрадан жылдырууда, бирок баарына эмес. Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматы “Акчабар” редакциясына ушул жылдын 1-апрелинен тарта кимге айып пул салынарын айтып берди.
Алсак, камсыздандыруу полиси жок төмөнкү айдоочуларга айып пул салынат:
- ушул жылдын 1-апрелинен тартып — чет өлкөлүк номурлуу автоунаалар, юридикалык жактардын жана мамлекеттик органдардын автоунаалары;
- 2024-жылдын 1-январынан тартып — жеке жактар.
Эске салсак, буга чейин бийлик ушул жылдын 1-апрелинен тарта камсыздандыруусу жок бардык айдоочуларга айып пул салууну сунуштаган. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров автоунааларды камсыздандырууну мамлекеттик ишканаларга берүү керектигин айткан.