KOICA Кыргызстандын энергетика системасын өнүктүрүүгө көмөктөшөт

17 ноября 2023, 10:26

Энергетика министринин орун басары Байгазиев Талайбек менен Түштүк Кореянын элчиси Ли Вон Жэнин жана KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Ли Жонгсу менен “Кыргызстандын энергетика системасын өркүндөтүү үчүн улуттук борборлоштурулган АСКУЭ системасын өнүктүрүү” долбоору боюнча талкуу протоколуна кол койду. Бул тууралуу KOICA агенттиги билдирди. 

Бул долбоорду KOICA Энергетика министрлиги менен биргеликте ишке ашырат. Долбоордун алкагында 1,5 млн акылдуу эсептегичтерге борборлоштурулган АСКУЭ системасы түзүлөт, операциялык борбор курулат. 

Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу электр энергиясын бөлүштүрүү системасынын эффективдүүлүгүн жогорулатып, электр чубалгыларындагы жоготуулардын деңгээлин төмөндөтүү пландалууда.