ЕАЭС мамлекеттеринде жумушсуз калктын саны 6.3% өскөн

7 октября 2019, 11:25

2019 – жылдын август айынын жыйынтыгы менен ЕАЭС мамлекеттеринде жумушсуз калктын саны 1 млн. 45 миң адамга жеткен.  Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 6.3% өскөн. Бул тууралуу ЕЭК билдирет. 

Комиссия билдирген маалыматка ылайык, Россия Федерациясында жумушсуз – 712 миң адам катталган. Өткөн жылы Орусияда бул көрсөткүч 679 миңди түзгөн. Казакстанда – 175 миң адам катталган. Ал эми Кыргызстанда жумушсуздардын саны, өткөн жылга салыштырмалуу 15 миңге көп катталган. Учурда жумушсуз кыргызстандыктардын саны 83 миңди түзөт. 

Арменияда жумушсуз жарандардын саны кыскарганы байкалат (62 миң), Белорусияда – 12 миң адам катталган. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен салыштырып караганада эки өлкөдө тең жумушсуздардын саны 5 миңге кыскарган.