«Элкарт» төлөм картасынын саны 1.5 млн

15 января 2020, 17:00

2019-жылдын жыйынтыгы менен «Элкарт» электрондук төлөм картасынын колддонуучулары 1 млн 534 миңди түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу 323 миң (25%) жогорулаган. Бул тууралуу «Акчабарга» Улуттук банк билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында 2.9 млн даана карта бар. 

2019-жылдын III кварталынын негизинде бардык банк карталары аркылуу 59.2 млрд сомго 11.9 млн иш жүргүзүлгөн. Бул 2018-жылдын III кварталы менен салыштырмалуу 24% көбөйгөн.