Кыргызстанда 651 миң пенсионер бар

23 октября 2019, 12:30

Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 5.6 миң сомду түзөт. Пенсионерлердин саны 651 миңге жеткен. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирет. 

Маалыматка ылайык, 2018 – жылы Социалдык фондтун жалпы кирешеси – 51 млрд. сомду түзгөн.  2017 – жылга салыштырмалуу 4.3% өскөн. Жалпы чыгаша 50.3 млрд. сомду түзгөн: 

• Пенсиялык фонд – 46 млрд сомдон ашык; 

• Сөзсүз түрдө калкты медициналык камсыздандыруудан өткөрүү фонду – 2.3 млрд сом; 

• Кызматкерлерди дарылоо фонду – 288.8 млн.сом.