Бир жыл ичинде төлөм карталарынын саны 6% га көбөйгөн
2021-жылдын 1-апрелине карата жүгүртүүдөгү банктык төлөм карталарынын жалпы саны 3,3 миллионду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1% га көбөйгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын отчетунда айтылды.
Төлөм карталарын түрлөрү боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй:
- "Элкарт" улуттук тутуму - 2,1 млн (64,6%);
- VISA - 965,8 миң (29,3%);
- MasterCard - 71,5 миң (2,2%);
- Золотая Корона - 123,2 миң (3,8%);
- Union Pay International - 4,7 миң (0,1%).
Улуттук банкта белгиленгендей, 22 коммерциялык банк "Элкарт" улуттук төлөм тутумунун банктык төлөм карталарын чыгаруу жана эквайринг боюнча кызматтарды көрсөтүштү. Анын ичинен 14 банк гана эл аралык төлөм тутумун камсыз кылышкан.