Кыргызстанда төлөм карттарынын саны 15,3% га көбөйдү

1 сентября 2021, 10:35

 

2021-жылдын 1-июлуна карата жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын жалпы саны 3,5 миллиондон ашты. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу карталардын саны 15,3%га көбөйгөн, деп айтылат Улуттук банктын отчетунда.

Түрү боюнча төлөм карталарын бөлүштүрүү төмөнкүчө болгон:

  • "Элкарт" улуттук системасы - 2 млн 269 миң (64,8%);
  • VISA - 1 миллион 51,5 миң (30%);
  • MasterCard - 52,8 миң (1,5%);
  • Золотая Корона - 118,9 миң (3,4%);
  • Union Pay International - 11,5 миң (0,3%).