Кыргызстандын колледждери 900 миң долларга жабдууларды алышты

12 июля 2021, 10:20

Кыргызстанда колледждер 884 миң долларга жабдуулар менен камсыздалды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Компьютердик жабдыктар "Тармакты Өнүктүрүү Программасы: Инклюзивдик Өсүү үчүн Чеберчилик" долбоорунун алкагында сатылып алынды. Аймактарда алдыңкы регионалдык колледждердин базасында сегиз тажрыйба борбору түзүлгөн.

Жатакана жана санариптик инновациялык билим берүү үчүн 7 миң 148 кызматтык жана компьютердик шаймандар мыкты билим борборлоруна өткөрүлүп берилди.

Аларга төмөнкүлөр кирет: мугалимдер жана студенттер үчүн ноутбуктар, компьютердик жабдуулар, көп фунционалдуу шаймандар, принтерлер, акустикалык жана радио тутумдар, видеокамералар, телевизорлор. Мындан тышкары, жашоо шарттарын жакшыртуу максатында жатаканаларга медициналык бөлмөлөр үчүн жабдуулар, муздаткычтар, светодиоддук экрандар алынып келинди.