Финансы министрлигинин кызматкерлери Жеенбаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүштү

8 октября 2020, 11:22

Акыркы кырдаалга байланыштуу финансы министрлигинин борбордук аппарат, структуралык жана ведомство аралык коллегиясы элдик өкүлдөр менен  5-октябрда жыйын өткөрүп, элдик бийликти орнотушканын билдиришкен. 

 

Андан сырткары, Бактыгүл Жеенбаевага ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Мындан соң, Жеенбаева өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

«Финансы министрлигинин кызматкерлери  Бактыгүл Жеенбаеванын кесипкөйлүгүнүн жоктугуна жана мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасына нааразычылыгын билдиришет. Министр кызмат учурунда команданы «биздики» жана «жагымсыз» деп бөлүп, интригаларды уюштуруп, массалык жумуштан кетирүү саясатын жүргүзүп, натыйжада командада иштебеген маанай жаралган», — деп жазылат маалыматта.